MEDIA1RIGHTКоомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Бактылуу айым" теледолбоору төрт айымды Дубайга эс алууга алып кетти. Долбоордун каармандарынын арасынан жети айым тандалган. Калган үч айым үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жана документтери туура келбей калып бара албай калышкан.
Белгилей кетсек, "Бактылуу айым" социалдык долбоор жана анда жардамга муктаж айымдарга жакындан маанайын көтөргөн кеп-кеңештер берилип, ошол инсанды ар тараптан ачып көрсөткөнгө аракет жасалат.
2 жылдан бери эфирге чыгып келе жаткан бул көрсөтүүдө, жалпысынан кырк бештен ашык айым телестудияга мейман катары чакырылып, алардын ар түрдүү тагдырлары тууралуу сөз болгон.