КТРКда жаңы сериалды тартуу иштери башталды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTКоомдук телерадиоберүү корпорациясында жаңы сериалды тартуу иштери башталды. Акын, жазуучу  Жыпар Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизиндеги телесериал көрүүчүлөргө "Ак шоола" аталышында тартууланат. 

Аталган романдын негизинде былтыр Кыргыз радиосунда радиосериал даярдалып, кызыккан угармандарын саны көп болгон.

Чыгармачылык топто элүүгө чукул кесипкөй адистер бар. Бул тасманы тартуу демилгеси толугу менен КТРКга таандык. 

Мында корпорациянын бардык булактары тартылып, бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн эмес.