Байкоочу кеңеш РРТБнын автотранспорттук цехине байланыштуу маселени карады
Новость www.ktrk.kg

Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн чукул жолугушуусу  болуп, 21-ноябрынын таң эрте Республикалык радиотелеборборунун автотранспорттук цехтин  айдоочулары ишке чыкпагандыгы боюнча кырдаал каралган.

Жолугушууда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү КТРКнын башкы директору И.Карыпбековду, РРТБ автотранспорттук цехтин  башкармасы Р.Абакировду жана шоопурлардын пикирин угушкан. Жыйынтыгында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү КТРКнын РРТБ структуралык мекемесинин автотранспорттук цехтин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын чечимин күтүп, андан соң өзүнүн жыйынында  комиссиянын чечимин кароосун чечкен.