КТРК администрациясы ардагерлерин куттуктады
Новость KTRK/videograp

Эл аралык карылар күнүнө карата, КТРКнын администрациясы карыларды, өлкөдөгү биринчи каналдын түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүүсүнө кошкон телевидениенин ардагерлерин, кесиптештерин майрамы менен куттуктады. 

Алардын эмгегин баса белгилеп, жетекчилик ардагерлерге бакубаттуулук, чың ден соолук, узун өмүр каалады.