Нуржамал Бурханова “Жылдын мыкты алып баруучусу” наамына татыды
Новость KTRK/videograp

“Жетиген” көп тармактуу журналы узап бара жаткан жылда өз тармагында мыкты деп табылган мамлекеттик жана жеке сектордун алдыңкыларын аныктап, “Жыл мыктысы” деген диплом жана энчилүү статуеткаларды тапшырды. 

Сыйлангандар өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, коомдук өнүгүшүнө барандуу салым кошкондор. Алардын арасында КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкери, кесиптешибиз Нуржамал Бурханова да “Жылдын мыкты алып баруучусу” наамына татыды.