Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTКоомдук каналдын башкы директорунун радиоберүүлөр боюнча мурдагы орун басары, белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди. 

Тиешелүү токтомго өзгөртүүну Жогорку Кеңеш 12-февралда киргизди. Шайырбек Абдырахман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. 

Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген.