Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
Новость www

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. POST1RIGHT

"2-3-июндарда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.