Талапкердин шайлоо фонду 20 млн. сомдон ашпоого тийиш. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахадыр Коңуров "Биринчи радио" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, талапкерлердин жана саясий партиялардын бардык финансылык каражаты атайын шайлоо эсебине гана түшүүсү керек.
Фондду толуктоо банк кассалары аркылуу да, аралыктан — мобилдик тиркеме же коммерциялык банктар аркылуу да мүмкүн.
БШКнын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыз кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Учурда арыз тапшырган талапкерлердин саны 220дан ашты. Добуш берүү 30-ноябрда өтөт.