Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн чакырууну кабыл алгандыгы үчүн аларга терең ыраазычылык билдирди. Ошентип, дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 788 эл аралык байкоочу келди.

“Байкоочулардын мындай кеңири сандагы өкүлчүлүгү эл аралык коомчулуктун өлкөбүздө жүрүп жаткан саясий процесстерге болгон зор кызыгуусун билдирип турат”, - деп белгиледи Президент.

Ал алардын ачык-айкын, калыс баа берүүлөрү менен сунуштары Кыргызстанга, балким, байкалбай калышы мүмкүн болгон кемчилик жактарды көрүүгө жана демократия институттарын мындан ары да бекемдөө боюнча кийинки кадамдарды так аныктап алууга жардам берет деп ишеним билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда шайлоо процессинин адилетсиз жана ачык-айкын болбогондугунан улам, үч ирет төңкөрүш болгонун эске салды. Ал кыргыз коомчулугу добуш берүүнүн чынчылдыгына өтө сезимтал мамиле кыларын өзгөчө белгиледи.

“Демократия – бул сынга алуу жана атаандашууга болгон укук гана эмес, ошондой эле эрежелерди так сактоо жана элдин акыркы тандоосуна урмат көрсөтүү милдетин да камтыйт”, - деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.

Ал акыркы жылдары шайлоо мыйзамдарын жана анын колдонулушу боюнча тажрыйбаны өркүндөтүү багытында олуттуу иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы учурдагы шайлоолорду өткөрүүгө даярдык көрүү маалында эл аралык өнөктөштөрүбүздүн, өзгөчө парламенттик ассамблеялардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын сунуш-пикирлери эске алынганын ырастады.

Атап айтканда, санарип технологиялар, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, добуштарды электрондук санап чыгуучу автоматтык система, шайлоочулардын онлайн-реестри жана аралыктан добуш берүү системасы колдонулду.

Президент ар бир шайлоочунун каалаган шайлоо тилкесинде добуш берүү укугу камсыз кылынганын белгилеп өттү.

Мисалы, Ат-Башы районунун тургуну Бишкек же чет өлкөдө туруп, өз округундагы талапкерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Бул жолу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган же убактылуу жүргөн жарандарын шайлоо укуктары менен толук камсыз кылуу максатында чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. 2021-жылы алардын саны болгону 59 болчу.

Садыр Жапаров бул чечим биздин мекендештер тарабынан оң бааланганын баса белгиледи.

Ал өлкөдөн тышкары добуш берген жарандардын саны үч эсеге өсүп, 26 миң адамга жеткенин белгилеп өттү. 2021-жылы болгону 9 миң жаран добуш берген.

Мамлекет башчысы ошондой эле идентификациялоо жана коопсуздук маселелеринин баары эске алынган онлайн-добуш берүү системасын иштеп чыгуу пландары жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, ал шайлоо толугу менен мажоритардык система боюнча өткөнүн баса белгиледи.

“Бул система мандаттар кулуардык негизде бөлүштүрүлүп келген партиялык тизмелерди жойду жана талапкердин жеке сапаттарына басым жасалды”, - деди Президент.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өз сөзүндө байкоочу миссиялар парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча өз корутундуларын сунуштаганын белгиледи.

Мындан тышкары, миссия жетекчилери да өздөрүнүн байкоолору боюнча маалымат беришти. Алар Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары жалпыга таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун тиешелүү ченемдерине жооп берип, шайлоого эркин жана демократиялуу шарттарды түзө турган жетиштүү укуктук негиз болуп саналат деп баса белгилешти.

Миссия жетекчилери шайлоо ачык, калыс, атаандаштыкка ылайык өткөнүн, демократиялык шайлоолорду өткөрүүнүн принциптерине жооп бергенин жана жарандарыбыздын эркин билдирүү укугун камсыз кылганын ырасташты.

Ошондой эле миссия жетекчилери жакында мажоритардык шайлоо системасына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, үч депутаттын ичинен үчөө тең бир жыныстагы адамдар болбоого тийиш деген талап аркылуу гендердик теңчиликти камсыз кылуу чаралары киргизилгенин оң баалашты.

Мындан тышкары, добуш берүүчүлөр өздөрүнүн туруктуу катталган жериндеги участокто добуш бере албаган жагдайда, жакынкы шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн аралыктан добуш берүү механизми киргизилгенин да оң баалашты. БШКнын 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 шайлоо участогун түзүп, чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнүн географиясын кеңейтүү тууралуу чечими шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.

Жолугушууга эл аралык байкоо миссияларынын жетекчилери катышты: миссия жетекчиси, КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко, миссия жетекчиси, Тажикстандын Мажлисинин Оли Мажлисинин милли Комитетинин Төрагасы, КМШ ПАсынын эл аралык байкоочулар тобунун координатору Махмадали Ватанзода, КМШ ПАсынын Кеңешинин Башкы катчысы – КМШ ПАсынын Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий; ЖККУ ПА тобунун координатору, Казакстан Парламенти Мажилисинин Мыйзам чыгаруу жана сот-укуктук реформа комитетинин төрайымы Снежанна Имашева, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань; Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов; Казакстан Мажилисинин депутаты Абзал Куспан, Ислам кызматташтык уюмунун Азия боюнча директору Имран Садихов, Азербайжан БШК Төрагасы Мазахир Панахов, Өзбекстан БШК Төрагасы Зайниддин Низамходжаев, Казакстан БШК Төрагасы Нурлан Абдиров, Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Захид Мохамед, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы Ахмет Йенер, Тажикстан БШК Төрагасы Бахтиер Тавар Худоерзада, Россия БШК Катчысы Наталья Бударина, Беларусь БШК Катчысы Елена Балдовская жана Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын эл аралык маселелер боюнча Кеңешчиси Баттумур Чимеддорж.

Жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров шайлоо процессине берилген жогору баага жана жылуу пикирлерге ыраазычылык билдирип, миссиялардын сунуштарынын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынарын белгиледи. Ал бул шайлоо өлкөдөгү саясий туруктуулукту мындан ары бекемдөөгө, экономиканын өнүгүшүнө жана жарандардын жашоосун жакшыртууга бекем негиз болот деген бүтүмгө келди.