Эми шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө мамлекеттик кызматкерлердин интернеттеги аракеттери да көзөмөлдөнөт.
Социалдык тармактарда “жакты” белгисин басуу же талапкер тууралуу маалымат бөлүшүү — административдик ресурс колдонуу катары бааланат. Мындай аракеттер үчүн мыйзам боюнча жоопкерчилик каралган.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 30-сентябрдагы билдирүүсүндө бул жолу парламенттик шайлоо ачык, таза жана калыс өтүшү үчүн көзөмөл күчөтүлөрүн белгилеген.
Президенттин айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине аралашпоого тийиш. Талапкерге же партияга ар кандай жардам көрсөтүү административдик ресурсту пайдалануу болуп эсептелет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтуусунда, азыр ар бир адам социалдык тармактарды колдонуп жаткан шартта мамлекеттик кызматкердин белгилүү бир талапкерге “лайк” басуусу, репост жасоосу же сүрөтүн бөлүшүүсү да мыйзам бузуу катары каралат.
Административдик ресурсту колдонууга төмөнкү аракеттер кирет:
· талапкерге жай же зал бөлүп берүү
· үгүт иштеринде ар башка шарт түзүү;
· талапкерлердин сүрөт, видеолорун мессенджерлер аркылуу таркатуу;
· социалдык тармактарда “лайк” же “репост” жасоо;
· мамлекеттик өкүлдөрдүн белгилүү бир талапкер менен гана жолугушуу өткөрүүсү.
БШКнын маалыматы боюнча, үгүт өнөктүгү маалында медиа чөйрө өзгөчө көзөмөлгө алынат. Блогерлер жана медиа ишмерлер шайлоо фонддору менен түзүлгөн расмий келишимдердин негизинде гана иш алып барышы керек. Бардык төлөмдөр катталган каржылоо булактарынан жүргүзүлүүгө тийиш. Эрежелерди бузуу талапкерди шайлоо жарышынан четтетүүгө чейин алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле БШК Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байланыштуу үгүт жүргүзүү үчүн 137 маалымат каражатын аккредитациядан өткөрдү. Алардын ичинен 37 – басылма, 41 – телекөрсөтүү, 19 – радио жана 40 – интернет-басылма болуп саналат.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматкердин талапкерди колдоосу өкмөттүн токтомун бузуу катары эсептелет жана мыйзам боюнча жазаланат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда саат 8:00дө токтотулат.