Рекорддук көрсөткүч: Тарыхта биринчи жолу чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылууда
Новость

Быйылкы шайлоодо чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандык жарандар үчүн 100 шайлоо участогу ачылат. Бул — мамлекет тарыхында биринчи жолу мындай чоң көлөмдө уюштурулуп жаткан көрүнүш. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын саны мурунку шайлоого салыштырмалуу эки эсе көбөйгөн.

“Мурун 59 участок ачылган болсо, быйыл 100 участок ачылууда. Бул – бир облустагы шайлоо пункттарынын санына барабар көрсөткүч. Анын ичинен 40 пайызы Орусияда жайгашат, анткени эң көп кыргызстандыктар ошол жакта жашайт. Москвада жети, ал эми Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск шаарларында экиден участкалар ачылат. Мындан тышкары, Түркияда – 8, Казакстанда – 7, АКШда – 6, Кореяда – 4, Италияда – 3 участок иштейт. Ошондой эле Германия, Кытай, БАЭ, Сауд Арабиясы сыяктуу башка өлкөлөрдө да экиден участок уюштурулмакчы”,-деди Байбосунов.

Байбосовдун айтымында, бул демилге Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан колдоого алынып, чет жактагы мекендештерге шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын көздөйт.