БШК шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежесин бузган талапкерлерге айып салды
Новость

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежесин бузган эки талапкерге жана бир жаранга айып салды.

Whatsapp мессенджеринде тараган сүрөттөргө ылайык, Бишкектеги үйлөрдүн биринин короосундагы дарактарга үгүт баннери илинген. 

Мыйзамга ылайык, үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоо боорун, чокуларды, адырларды жана башка табигый дөңсөөлөрдү пайдаланууга тыюу салынат.

Ошондой эле Facebook социалдык тармагында жаран ар-намыска шек келтирген билдирүүлөрдү жазганы аныкталып, талапкерлерге айып пул салынды.