Шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочу кошулду
Новость

Шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШКнын токтому менен Монголия, Өзбекстан, Венесуэла, Индонезиянын борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын Коомдук палатасы, КМШ Байкоочулар миссиясы, Түрк мамлекеттеринин уюму жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү байкоочу катары катталды.

Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоосуна жалпы 378 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.