Ислам шериктештиги оюндары: Арууке Кадырбек кызы коло утту
Новость

Кыргызстандык балбан Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси болду. Ал мелдешке 53 кг салмак категориясында катышты. 

3-орун үчүн болгон беттеште Арууке Индонезиянын балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды. 

Ушул күндөрү Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат.