Кечээ, 2-декабрда Бишкек шаарында Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтө турган Азиялык жаштар пара оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, ошондой эле спортсмендер, машыктыруучулар жана спортсмендердин коштоочулары катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов спортчуларды жооптуу мелдеш алдында өлкөнүн намысын татыктуу коргоого чакырып, алардын эрктүүлүгү, туруктуулугу жана өз күчүнө болгон ишенимин жаш муундар үчүн чоң үлгү катары белгиледи.
Спорт агенттигинин жетекчиси Казыбек Молдажиев да куттуктоо сөзүндө ар бир аракет жана ар бир чечкиндүү кадам Кыргызстандын спорт тарыхына алтын тамгалар менен жазыларын айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук курама команданын капитаны, пара пауэрлифтинг боюнча спортсмен Азизбек Нарбаевге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу тапшырылды.
Белгилей кетсек, Азиялык жаштар пара оюндары 7-14-декабрь күндөрү өтүп, Кыргызстандан жалпы 40 адамдан турган делегация барат. Алардын курамында 20 спортчу, 10 машыктыруучу жана команданын башка мүчөлөрү бар. Кыргызстандын спортсмендери сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча сыяктуу спорттун 8 түрү боюнча таймашат.


