Шайлоо-2025: Дагы кошумча 26 шайлоо тилкеси ачылды
Новость

30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата өлкө аймагында дагы кошумча 26 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу бүгүн БШКдан кабарлашты. Буга чейин жалпысынан өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасын ачуу пландалган. 
Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү - жарандар катталган жерине карабай, шайлоо күнү кайсыл жерде болбосун, жакынкы шайлоо тилкесине келип, ID паспортун көрсөтүп эле өзү катталган округдун бюллетенин алып, каалаган талапкерине добуш берсе болот. Ал үчүн мамлекет максималдуу шарттарды түзүп, базарлар менен аэропортто, соода борборлордо, аскер бөлүктөрдө жана ооруканаларда шайлоо тилкелери ачылды. 
Учурда бардык шайлоо тилкелерин техникалык жактан текшерүү иштери жүрүүдө. БШКдан билдиргендей, 27-ноябрга чейин бардык шайлоо тилкелеринде тиешелүү жабдыктар орнотулуп, текшерүүдөн өтүп бүтөт.