Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев алдыдагы шайлоого карата участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар башчысы текшерүүнүн жүрүшүндө Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында жайгашкан №1046 шайлоо участогуна жана Койбагаров көчөсү, 35 дарегиндеги №26 мектепте орун алган №1123 шайлоо участогуна барды.
Айбек Жунушалиев шайлоону уюштурууда техникалык жана уюштуруучулук жагдайлар өз убагында аткарылышы керек экенин белгилеп, төмөнкү тапшырмаларды берди:
• шайлоо тилкелеринин материалдык-техникалык камсыздалышын күчөтүү;
• шайлоо күнү үзгүлтүк болбошу үчүн интернет байланышын туруктуу камсыздоо;
• тилкелердин айланасын тазалоону жана тартипке келтирүүнү камсыз кылуу.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаардагы бардык шайлоо участкаларынын даярдыгы боюнча текшерүү иштери уланууда.