Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоочулардын биротоло тизмесин “Тизме” порталына (tizme.gov.kg) жайгаштырды.
БШКнын маалыматына караганда, биротоло тизме Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлгөн.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2025-жылдын 25-ноябрына чейин өлкө боюнча 2492 шайлоо участокторунда илинет.
Биротоло тизмедеги жалпы шайлоочулардын саны – 4 294 243 адам.
Анын ичинен:
• эркектер – 2 081 514 (48,47%);
• аялдар – 2 212 729 (51,52%).
Жаш курагы боюнча бөлүштүрүү:
• 18 жаштагылар – 104 693 (2,44%);
• 19–35 жаш – 1 707 851 (39,77%);
• 36–45 жаш – 923 975 (21,52%);
• 46–55 жаш – 650 851 (15,16%);
• 56–65 жаш – 528 771 (12,31%);
• 66 жаштан жогору – 378 102 (8,80%).
Шайлоочулар өздөрүн тизмеден төмөнкү ыкмалар аркылуу тактай алышат:
• 1255 же 119 номерине чалуу;
• тиешелүү шайлоо участкасына кайрылуу;
• tizme.gov.kg сайты аркылуу;
• ПИН-кодду 119 кыска номерине SMS менен жөнөтүү (жооп катары шайлоо участкасынын номери жана дареги келет).
SMS жана телефон чалуулар акысыз.