Нарын: Шайлоо күнү 400дөн ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Новость

28-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана райондук, шаардык  бөлүмдөрү 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. 

Бүгүн, 27-ноябрда Нарын ОИИБнын, шаардык жана Нарын райондук бөлүмүнүн өздүк курамы, Күзөт кызматынын курамы   Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта горнизондук сапка тизилип, шайлоо күнү коопсуздукту камсыздоочу ар бир топтордун даярдыктары каралып, бир катар тапшырмалар берилип, буйруктар менен тааныштырылды.  

Саптык кароону дубан башчы Нурбек Сатаров кабыл алып, негизги милдет коомдук коопсуздукту сактоо менен шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде таза өткөрүү зарыл экенин айтты. 

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жолболду Кочконов иш мерчемге облустук, шаардык, райондук ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга 400дөн ашык милиция кызматкерлери жана 60ка чукул элдик кошуундар тартылаарын билдирди. Ошондой эле өздүк курамды шайлоо процесстерине аралашпоого, кызмат өтөө учурунда өз милдеттерин так аткарып, мыйзам алкагында иш алып барууга чакырып, өздөрүнүн коопсуздугуна да сак болууну эскертти.