Маалым болгондой, Россиянын эң алыскы аймактарынын бири — Петропавловск-Камчатск шаарында №9095 чет өлкөдөгү алгачкы шайлоо участогу ачылды. Бул жерде Кыргызстандын жарандарына жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык добуш берүүгө бардык шарттар түзүлгөн.
Участокто Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо үчүн добуш берген биринчи жаран мекенден алыста жүргөнүнө карабастан, өз укугун пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле бүгүн Түштүк Кореяда да чет өлкөдөгү шайлоо участоктору ишин баштап, кыргызстандыктар үчүн добуш берүү процесси расмий түрдө ачылды.
Бүгүн, 30-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Ага 460 талапкер ат салышууда. Жалпы 30 округдан 90 депутат шайланат.