БШК шайлоого толук даяр: Маалыматтар саат сайын жарыяланат
Новость

Борбордук шайлоо комиссиясы уюштуруу жана техникалык жактан даяр. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Биринчи радиого билдирди. 

Анын айтымында, шайлоо өнөктүгүнө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары да даяр. Жалпысынан эл аралык байкоочулардын саны 788ди түздү. БШК ар бир эки саат сайын шайлоонун жүрүшүнөн маалымат берип турат.