Сүйүнбек Касмамбетов: Элдин тагдыры — улуттун тагдыры. Ар бир жаран добуш берүүсү зарыл
Новость

Ар бир жаран конституциялык милдетин аткарып, шайлоого катышып, өлкө тагдырын аныктоого салым кошо турган татыктуу талапкерге добушун бериши зарыл. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов УТРКнын түз эфиринде билдирди.

– Бүгүнкү күн улут үчүн улуу күн. Бүгүн барыбыз жабылып, түрүлүп келип шайлоо участокторунда келечектеги 5 жылга улуттун мыктыларын, чыгаандарын шайлап алабыз. 5 жылда биздин өсуп жаткан, алга умтулуп  жаткан эң маанилүү учурда бүт улутубуз, элибиз өзүнүн шалоосун өткөрүш керек. Бул – өтө маанилүү. Эң негизгиси барыңыздар активдүү катышып, шайлоо участогуна келип беришиңиздерди өтүнөбүз. Анткени, эл тагдыры – улут тагдыры. Тагдырды тайгылтпай таалайлуу жолго алып баруу үчүн, биз келечекте журт үчүн ичинен суурулуп чыккан мыкты азаматтарыбызды, кыздарыбызды шайлаганы турабыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү”,-деди Касмамбетов.