Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда саат 8:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн добуш берүү башталды.
Өлкө боюнча добуш берүү үчүн 2513 шайлоо участогу ачылды. Борбордук шайлоо комиссиясы ишин баштап, анда төрага жана мүчөлөрү учурдагы кырдаалды көзөмөлдөөдө.
Шайлоого байкоо жүргүзүү да уюштурулган, анын ичинде эл аралык байкоочулар да катышууда.
Жарандар үчүн алыстан добуш берүү мүмкүнчүлүгү дагы түзүлгөн. Адамдар көп чогулган жерлерде кошумча участкалар иштөөдө.
Саат 20:00дө өлкөдөгү бардык шайлоо участоктору жабылат. Ал эми чет өлкөлөрдөгү участоктор ишин уланта берет. 20:00дөн кийин добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарыла баштайт.
Бул шайлоо жаңы система менен өтүүдө. 30 округдан 90 депутат шайланат — ар бир округдан 3төн.
29-ноябрда шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү жүргүзүлгөн. Ага карата шайлоо участокторуна барууга мүмкүнчүлүгү жок жалпы 9318 адам жайдан тышкары добуш берди.
Жалпысы 460 кандидат катышууда. Округдар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:
- №1 округ — 17 талапкер
- №2 округ — 14 талапкер
- №3 округ — 17 талапкер
- №4 округ — 11 талапкер
- №5 округ — 14 талапкер
- №6 округ — 14 талапкер
- №7 округ — 13 талапкер
- №8 округ — 21 талапкер
- №9 округ — 21 талапкер
- №10 округ — 16 талапкер
- №11 округ — 5 талапкер
- №12 округ — 18 талапкер
- №13 округ — 14 талапкер
- №14 округ — 12 талапкер
- №15 округ — 15 талапкер
- №16 округ — 10 талапкер
- №17 округ — 15 талапкер
- №18 округ — 16 талапкер
- №19 округ — 25 талапкер
- №20 округ — 18 талапкер
- №21 округ — 16 талапкер
- №22 округ — 16 талапкер
- №23 округ — 14 талапкер
- №24 округ — 14 талапкер
- №25 округ — 17 талапкер
- №26 округ — 17 талапкер
- №27 округ — 24 талапкер
- №28 округ — 17 талапкер
- №29 округ — 13 талапкер
- №30 округ — 14 талапкер