Бүгүн, 30-ноябрда Талас районундагы бардык шайлоо участокторунда саат 8:00дөн тарта шайлоо өнөктүгү башталды.
Талас районунун борбору Көк-Ой айылында Талас районунун акими Байышбек Астанакуловдун катышуусунда ачылып, район акими алгачкылардан болуп добушун берди.
Эске салсак, Талас району Чүй облусунун 17-шайлоо округуна карайт. Аталган округда Кара-Балта шаары, Жайыл, Панфилов жана Талас районундору бар.
Талас районунда 35-шайлоо участогунда 47 639 шайлоочу бар. Шайлоонун жүрүшүнө эл аралык байкаоочулар көзөмөл кылууда.





