Учурда чет өлкөлөрдө да добуш берүү активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, жалпы 2 600дөн ашык шайлоо участогу ачылган. Анын ичинен 2 400дөн ашыгы Кыргызстандын аймагында болсо, чет өлкөлөрдө 100дөн ашык участкада добуш берүү жүргүзүлүүдө.
“Россиянын алыскы чыгыш аймактарында шайлоо участкалары Бишкек убактысынан 4–5 саатка эрте иштей баштады. Ошондой эле чыгыш Азия өлкөлөрүндө, Японияда, Кореяда, Кытайда, Малайзияда жана Монголияда добуш берүү башталды. Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы эки, үч сааты түзөт. Убакыт айырмасы бир болгон өлкөлөрдө дагы шайлоо активдүү жүрүүдө. Айрым өлкөлөрдө шайлоо участоктору үч, төрт, беш, алты саат кеч ачылат. Ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө 14 саатка чейин кеч ачылат",-деди Шайназаров
Мындан сырткары, өлкөнүн аэропортторунда жана соода түйүндөрүндө кошумча жакын 100 шайлоо участогу уюштурулган.