Саат 08:00гө карата өлкө боюнча жалпы 2492 шайлоо участогунун ачылды. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 участогу өз ишин баштады. Быйыл өлкө тарыхында биринчи жолу алдын ала арыз бербестен, добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда.
Шайназаров бүгүн негизги участоктор менен бирге эл көп топтолгон жерлерде: ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле алыскы жетүүгө кыйын аймактарда (Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозумчак ) 27 аралыктан добуш берүү дагы өз ишин баштаганын кошумчалады.