Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Баткен облусунун баардык айыл, шаарларында да өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасын расмий ачып, шайлоочуларды бул өнөктүккө жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырды. Ошондой эле биринчилерден болуп добуш берди.
Облустагы 220 шайлоо участкасы баары ишин баштады.
Шайлоону өткөрүү боюнча атайын топ Баткен облусу шайлоону өткөрүүгө толук даярдыгын УТРК Баткенге билдирди.
Шайлоо участкалары материалдык-техникалык жактан камсыз болгон. Электр энергиясы, интернет байланыштары жеткиликтүү деп жазылат маалыматта.
Коомдук тартип күчөтүлгөн режимге өтүп, көзөмөлдө.
Аралыктан добуш берүү максатында атайын участкалар уюштурулган.
Баткен облусунда 355192 шайлоочу бар.