Түштүк Кореяда добуш берүү башталганына үч сааттын ичинде 20 кыргызстандык жаран добуш берди. Бул тууралуу Кореянын Теджон шаарындагы шайлоо участкасынын төрагасы Сыймык Дуулатбеков УТРКнын түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мурдагы шайлоо учурунда Кореяда бир гана шайлоо тилкеси иштесе, бул жолу төрт шаарда шайлоо участогу ачылган. Бул көрсөткүч кыргызстандыктардын өз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер карабай, патриоттук милдетин аткарып жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле Сыймык Дуулатбеков белгилегендей, Кореядагы кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарына талапкерлер тууралуу толук маалымат алуу үчүн атайын онлайн окуулардан өткөн.