Шайлоо-2025: Нарында жеңил үкөк менен 492 шайлоочу добуш берди
Новость

Нарын облусундагы №29 жана №30 аймактык шайлоо округу боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жеңил үкөк менен 492 шайлоочу добуш берди. 

Аталган шайлоо округдары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн маалыматында, жаш курагына, ден соолугуна байланыштуу же ар кандай себептер менен шайлоо тилкелерине келе албаган №29 округдан 132, ал эми №30 округдан 398 шайлоочудан арыз түшкөн. 

29-ноябрь күнү өткөн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыз берген 530 шайлоочунун 492си добуш беришкен. Ал эми 38 шайлоочу ар кандай себептер менен добуш берүүгө катыша албай калышкан. 

№29 шайлоо окуругуна Тогуз-Торо, Жумгал, Кочкор райондору жана Балыкчы шаары кирип, шайлоочулардын саны 137 миң 758ди түзөт.

Ал эми №30 шайлоо округуна Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору жана Нарын шаары кирип, шайлоочулардын саны 136 миң 536ны түзөт.