Бүгүн, 30-ноябрда Талас облусунда 117 шайлоо тилкеси 8:00дө ачылып, иш алып барууда.
Талас шаарындагы №6108 шайлоо участогунда 2242 шайлоочу катталган. Аталган шайлоо тилкесине алгачкылардан болуп Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзүнүн жарандык милдетин аткарды.
Талас облусунда №16 шайлоо округунан 10 талапкер, №17 округунан 14 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.