Админ ресурс жок, үгүт чектелүү: Бул жолу шайлоо өзгөчө өтүүдө
Новость

“Бүгүн Кыргызстан үчүн өтө маанилүү саясий күн – өлкөнүн тагдыры чечиле турган шайлоо өтүүдө. Жогорку Кеңеш – бийликтин негизги бутагынын бири”,-дейт УТРКнын түз эфиринде саясий илимдеринин кандидаты, доцент Кундуз Базакеева.

Анын айтмында, быйылкы шайлоо өзгөчө: ал жаңы мыйзамдар менен өтүп жатат. 30 жылдан бери шайлоо процессин көпчүлүк учурда бизнес жана соода кызыкчылыктары башкарчу. Бирок бул жолу административдик ресурс колдонулбайт, үгүттөө процесси катуу чектелген.

“Керек болсо, социалдык тармактарда да маалыматка “лайк” басууга чейин өзгөчө сактык кылынууда, себеби президент таза жана адилет шайлоо өткөрүүдө бардык тараптарды чакырган. Ошондой эле Кыргызстан бүт дүйнөдө болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылууда”,-деди ал