Талас облусунун Манас районунда саат 8:00дөн тарта добуш берүү башталды. Райондо 20 шайлоо тилкеси иш алып барууда.
Манас району боюнча 22021 шайлоочу бар. Учурда бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү өнөктүгү өз нугунда тынч өтүп жатат.
Район тургундары атуулдук милдетин аткарып шайлоого активдүү катышууда.