Пекинде шайлоочулардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзүүдө
Новость

Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында өтүп жаткан шайлоочулардын активдүү бөлүгүн студенттер түздү. Бул тууралуу  УТРКнын түз эфиринде Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы шайлоо участкасынан Мухаммед Шахабидинов маалымдады.

Анын айтымында, Пекин шаарында жашап аткан кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүн билим алууга келген студенттер түзөт. Учурда алар Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү үчүн активдүү катышып жатат. Буга чейин аларга депутаттыкка талапкерлер тууралуу кеңири маалыматтар жеткиликтүү берилген.