Нарын: Саат 10:00гө карата канча адам добуш берди?
Новость

№30 Нарын аймактык шайлоо округу боюнча саат 10.00гө карата шайлоочулардын 6 миң 486сы добуш берип, 4,7 пайызды түздү. 

БШКнын аймактагы атайын өкүлү Бакыт Өмүралиевдин маалыматында, шайлоо тилкелеринде добуш берүү активдүү жүрүп, азырынча мыйзам бузуулар каттала элек. 

№30 шайлоо округуна Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору жана Нарын шаары кирет. Жалпы шайлоочулардын саны 136 миң 536.