Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 256 маалымат келип түшкөн
Новость

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтымында, Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 256 маалымат келип түшкөн, алардын 59у үгүт иштери баштала электе келип түшсө, добуштарды сатып алуу боюнча 196-берене менен 9 кылмыш ишине тергөө жүргүзүлүп жатат. 

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан 5;

Чүй облусу боюнча 2;

Жалал-Абад облусу боюнча 2 кылмыш иши козголгон. 

Ошондой эле 12 жаранга кылмыш боюнча айыбы угузулган.