№29 шайлоо округуна кирген Кочкор менен Жумгал райондорунда саат 10.00гө карата шайлоочулардын 3 пайызы добуш берди. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Таланбек Акимбаев билдирди.
Анын айтуусунда Кочкор районунда саат 10го карата 1009, ал эми Жумгал району боюнча 1267 шайлоочу добуш берип, үч пайызды түздү. Ал белгилегендей шайлоо тынч өтүп, шайлоочулардын активдүүлүгү жакшы.
Кочкор районунда шайлоочулардын саны 50 606, Жумгал районунда 34 миң 144 шайлоочу бар.