Учурда Россиянын Улан-Уде шаарындагы 9094 шайлоо тилкесиндеги Бурятияда жашаган мекендештерге добуш берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Бурятиядагы “Ата-Журт жердештер” уюмунун төрагасы Алымбек Абжалиев билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү мамлекеттик органдар бардык жагынан колдоо көрсөтүп жатат. Мурдагы шайлоолордо тоскоолдуктар болуп келсе, быйылкы шайлоо үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү жарандардын активдүүлүгүн жогорулатты. Бул чет өлкөдө иштеп, жашап жаткан мекендештер үчүн өзгөчө мааниге ээ күн болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, буга чейин чет өлкөлөрдө 50гө чейин шайлоо тилкеси түзүлүп келсе, быйыл 100гө жакын шайлоо участогу уюштурулду. Алардын ичинде Россияда ачылган 40 шайлоо тилкесинин бири – Бурятиядагы 9094 участкaсы, быйыл биринчи жолу иштеп жатат.