Чүй облусунда шайлоонун жүрүшү
Новость

Чүй облусу боюнча добуш берүү бардык район, шаар жана айыл аймактарында жүрүп жатат. Чүй облусунда жалпысынан 6 шайлоо округу бар. Жалпы 467 шайлоо комиссиясы иштеп жатат. Ал эми шайлоочулардын саны 830 587 адамды түзөт. Жогорку кеңештин депутаттыгына 105 талапкер ат салышууда. 
Аралыктан добуш берүү бардык шайлоо участкаларында уюштурулган. Шайлоочулар жаңы аппараттар менен добуш беришүүдө. Шайлоо процессине эл аралык байкоочулар да катышып жатышат. Мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча ар бир участокко милиция кызматкерлери кезек менен нөөмөттө турушат.