“Биздин шайлоочуларга бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир жаран каалаган талапкерге каалаган убакта добуш бере алат. Мен азыр добуш бердим. Бул добушум тынчтык, стабилдүүлүк жана келечек үчүн”, — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
“Буга чейинки шайлоолордо колдонулган унаалар менен добуш ташуу, кошумча тизме жана кошумча бюллетендер түзүү дегендер бул жолу жокко чыгарылган. Бул шайлоо таза, дыкат жана ишенимдүү өтөт. Дүйнөлүк коомчулук буга ынанарына ишенем”,-деп кошумчалады Ташиев