Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №1220 шайлоо тилкесинде добуш берди
Новость

Шаар мэри Айбек Жунушалиев  мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, өз добушун берди. 

Бүгүн Бишкек шаарында 296 шайлоо тилкеси ачылган. Анын 233ү шаардагы шайлоо округдарына  тиешелүү болсо, калган 63 тилке Чүй облусунун 2 шайлоо округуна караштуу. Бардык  шайлоо  тилкелери тийиштүү жабдуулар, бюллетень менен камсыз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы  добуш берүүнү жеткиликтүү кылуу максатында аралыктан добуш берүүчү 11  аймак уюштурду. 

Алар төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

1.         Ош базарында  1- участок

2.         Asia Mall – 1 участок;

3.         Эл аралык  «Манас»  аэропортунда – 2 участок;

4.         Дордой базарында  – 2 участок

5.         Аламедин  базарында - 1 участок;

6.         Дордой Плаза соода борборунда - 1 участок;

7.         Бишкек Парк соода  борборунда  – 1 участок;

8.         Улуттук госпитал (1200 орун) – 1 участок;

9.         Орто-Сай  базарында – 1 участок