№30 шайлоо округунда саат 12ге карата шайлоочулардын 20 миң 919у добуш берди. Аталган окуругдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абасбек Исмаиловдон алынган маалыматка таянсак, бул жалпы шайлоочулардын 15,33 пайызын түзөт.
Ал белгилегендей бул саатка карата шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок. Шайлоо тынч өтүп, шайлоочулардын активдүулүгү жакшы. Ошондой эле аппараттар дагы заманбап болгондуктан техникалык мүчүлүштүктөр катталган жок.