Шайлоо боюнча эксперт Айсулуу Усупбекова кыска убакытта уюштуруу иштери жогорку деңгээлде көрүлгөндүгүн белгилейт.
Анын айтымында, буга чейинки өнөктүктөрдө шайлоочулардын пассивдүүлүгү байкалган. Быйылкы шайлоодо добуш берүүчүлөр жоопкерчиликтүү мамиле менен шайлоого катышат деген ишеним жогору. Бирок, түшкө чейинки убакта добуш берүү тилкелеринде шайлоочулардын катышуусу аз.
Айсулуу Усупбекова бардык жарандарды активдүү болууга үндөп, шайлоочу менен талапкердин байланышы добуш берүүдөн башталарын билдирет. Бүгүн добуш берип, эртең талап кылуу мүмкүн экендигин кошумчалайт.