Шайлоо-2025: Нарында коомдук-саясий кырдаал туруктуу
Новость

Нарын облусунун аймагындагы 170 шайлоо участогунда коомдук тартипти камсыздоо үчүн 400дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
Нарын ОИИБнын маалымат кызматы Кундуз Эсенгулованын маалыматына караганда, саат 12:00гө карата шайлоонун жүрүшү боюнча мыйзам бузуулар катталган жок. 

Башкармалыктын жетекчилиги шайлоо тилкелерин кыдырып, кызматкерлерге мыйзамды так сактоо, шайлоо процессине кийлигишпөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берүүдө. Мындан тышкары шайлоо участокторунда медицина, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана элдик кошуундар  шайлоонун жүрүшүнө көз салышууда. 

Учурда облус аймагында коомдук-саясий кырдаал туруктуу, мыйзам бузуулар жана тартип  бузуулар катталган жок.