Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Бакытбек Жетигенов жана Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев бүгүн 3152-шайлоо тилкесинде аралыктан добуш берип, жарандык милдетин аткарышты.
Облус башчысы шаар тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырып, быйылкы шайлоо таза жана ачык өтүшү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешти. Ошондой эле тиешелүү органдарга мыйзамсыз аракеттерге, өзгөчө добуш сатып алуу фактыларына кылдат көз салуу тапшырылды.
Учурда Каракол шаарында 28 шайлоо тилкеси иштеп, 52 миңден ашуун шайлоочу катталган. Жалпы Ысык-Көл облусунда 228 шайлоо тилкесинде 317 739 шайлоочу добуш берүүдө. Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1000ден ашык милиция кызматкери тартылган.