Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн шайлоо үчүн Нарын облусу боюнча жалпы 170 шайлоо тилкеси ачылган. Бул тууралуу УТРКнын Нарын облусундагы кабарчысы маалымдады.
Анын ичинен бир тилке аралыктан добуш берүү үчүн Кара-Кече көмүр кенинде иштеп жатат. №4067 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн активдүүлүгү түшкө чейин байкалган. Аталган шайлоо участогу Нарын шааарынын Борбордук аянтында ачылган.
Ал эми шайлоо тилкелериндеги коопсуздукту камсыздоого жалпы облус боюнча 400дөн ашык милиция кызматкери тартылган. Андан сыткары шайлоочулардын саламаттыгы үчүн медицина кызматкерлери да бар. Ар бир талапкерлердин байкоочулары да өз ишин аткарууда. Шайлоо өнөктүгү бул аймакта өз нугунда жүрүүдө. Аталган аймакта 1 жарым млндон ашык шайлоочу катталса, Нарын облусу боюнча жалпысынан 221 шайлоочу катталганы белгилүү болду.