Кыргызстандын бардык аймактарындагы шайлоо участокторунда коомдук коопсуздук сакталууда. Мыйзам бузуу фактылары жана калктын коопсуздугу Ички иштер министрлигине караштуу ыкчам башкаруу борбору тарабынан аралыктан көзөмөлдөнүүдө.
Аталган борбордун кызматкери Гүлбарчын Эсенбекованын айтымында, республика боюнча 13 миңден ашык милиция кызматкерлери шайлоо тилкелеринде тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда.
Бул иш-аракеттер атайын “Боди” камералардын жардамы менен реалдуу убакытта көзөмөлгө алынат. Натыйжада, шайлоонун ачык-айкын жана коопсуз өтүүсүнө бардык шарттар түзүлүүдө.