Россияда 40 шайлоо участогу иштеп жатат
Новость

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча Россиянын аймагында 40 шайлоо участогу ачылды. Бул тууралуу УТРКнын түз эфиринде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кенешчиси Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, бардык 40 участкe убакытында ачылып, иштеп жатат. Добуш берүү активдүү жүрүп, кыргызстандык жарандардын узун кезектери байкалууда.

Ошондой эле, шайлоону өткөрүү жана уюштуруу боюнча Россиянын БШКсы колдоо көрсөтүп, укук коргоо органдары коопсуздук чараларын камсыз кылууда.