Бишкек убактысы боюнча саат 12:00го карата чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын 3 миң 722си добушун берүүгө жетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бүгүнкү брифингде билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча 100 шайлоо тилкеси уюштурулган. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүнө салыштырмалуу добуш берүү тилкеси эки эсе көп. Добуш берүү тилкелери дүйнөнүн 34 өлкөсүндө ачылып, 89 шаарды камтыды. Орусияда кыргыз жарандарынын көптүгүнө карата 40ка жакын участоктору уюштурулган.
Мындан тышкары төмөнкү шаарларда шайлоо участоктору иштеп жатат:
- Түркияда — 8,
- Казахстан — 7,
- АКШ — 6,
- Корея Республикасы — 4,
- Италия — 3,
- Германия, Кытай, БАЭ — 2ден тилкеден ачылган.
Имангазиев белгилегендей, кыргыз бийлиги чет өлкөдө иштеп, убактылуу жашап жүргөн жарандар үчүн добуш берүүгө ыңгайлуу шартты түзүп берди. Кыргызстандан тышкары жүргөн жарандар жакын аралыктагы шайлоо тилкелерине барып добуш бере алышат.