Чүй облусунун 6 округунда шайлоо процесси өз нугунда жүрүп жатат
Новость

Добуш берүү участокторунда шайлоочулардын келиши сейрек, бирок үзгүлтүксүз болууда. Райондордогу шайлоо комиссиялары бул жолку шайлоонун өзгөчөлүктөрүн белгилешүүдө. Шайлоочулар үчүн да алар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Добуш берүү аппараттарынын орнотулушу ишти бир кыйла жеңилдетип, мурункудай бюлетендерди таңгактап ташып келүү жоюлган. 

Ошондой эле, добуш берүүдө эреже бузууларга жол берилбейт.Жыйынтыкты санаган учурда да урналар бюллетендерди өздөрү санайт. Ал эми, шайлоочулар оңой жана ыкчам добуш берип жатышат. 
Чүй облусунда аралыктан добуш берүүгө келгендердин саны көп болууда. Анткени, ички миграция менен башка аймактардан келген жашоочулардын саны өтө көп. Алардын катталган жери жана тизмеси туулган жерлеринде  болгондуктан шайлоолорго катыша албай калышчу. Аралыктан шайлоо болгондуктан кайсы райондо болбосун аппараттан чыккан өз бюлетенин алып, өз аймактарындагы талапкерлерине добуш бере алышат.