Шайлоо-2025: БШКга 220 мыйзам бузуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн
Новость

Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча саат 14:00гө берген маалыматына таянсак, Борбордук шайлоо комиссиясына бул убакка чейин жалпы 220 маалымат келип түшкөн.

Алардын ичинен:

114ү — шайлоочулардын үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча;

37си — талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар;

8и — административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча;

22си — шайлоочуларды сатып алуу фактылары;

9 факт башка укук бузууларга байланыштуу катталган.